Мындай каралоо туура эмес! Жогорку сот Ташиевдин айыптоосуна жооп кайтарды

24 декабря 2020 Мындай каралоо туура эмес! Жогорку сот Ташиевдин айыптоосуна жооп кайтарды

Жогорку сот төрайым Гүлбара Калиеванын мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген ишке тиешеси бар деген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди.

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертти. Жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин шектүү күнөөсүз деп саналары белгиленген.

"Жергиликтүү сот" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду Европа биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү" программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, подрядчыларды тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок", — дешти Жогорку соттон.

Ошондой эле сот бийлиги өлкөнүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан конструктивдүү эмес сындарга жана айыптоолого уламдан-улам кабылып жатканы белгиленди.

"Алар сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомчулуктун талкуусуна алып чыгышууда. Сот тутумунун өкүлдөрүн айыптоолордун аягы алардын беделин түшүрүүгө алып келет. Мындай көрүнүш коомчулуктун сот органдарына болгон ишенимин кетирип, мыйзамдарга каршы келет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууда бюджетке 8 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген. Буга Жогорку соттун төрайымынын тиешеси бар экенин айтып, жакында ал жоопко тартыларын маалымдаган.

sputnik