Азыркы бийлик "кустурабыз, төлөтөбүз" деген сөздү мода кылып алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов "Экономикалык мунапыс берүү боюнча" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда билдирди.
Ал ишкер мүлкүн кандай жол менен тапканына маани бербей эле, кайра-кайра текшерүүлөр болуп жатканын айтты.
"Азыр коомдо талап башка, бийликтин болсо сөзү башка болууда. Булар "кустурабыз, төлөтөбүз" дегенди аябай мода кылып алышты. Ишкер байлыгын өзүнүн адал эмгеги менен таптыбы деп эч ким карабай калды. Мыйзамды сактаган киши жок, биз мүлкүн чукуганды, жарыя кылганды жакшы көргөндөрдөн болуп калдык", — деди Ормонов.
Ал ошондой эле бийлик алмашкан сайын түрдүү мыйзамдар кабыл алынып, бирок ишкерлерге кепилдик берилбей жатканын белгиледи. Буга чейинки мыйзамдарга ылайык, мүлкүн адалдоо боюнча 83 ишкер тиешелүү сумманы төлөгөнүн, демек аларга кепилдик берүү керектигин кошумчалады.
Аталган мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү сунушталууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.
Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.