Спортчулар чогулуп жатабы? Милиция "Достук" мейманканасын текшерүүдө

10 января 2021 Спортчулар чогулуп жатабы? Милиция "Достук" мейманканасын текшерүүдө

"Достук" мейманканасына спорттук түзүлүштөгү балдарды алып келип жайгаштырууда деген маалымат түшүп, милиция текшерип жатат. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Аталган факты Бишкек ШИИБдин маалыматтык журналына катталган.

"Учурда милиция кызматкерлери аталган мейманканага барып, ал жердеги адамдарды жана иштеген кызматкерлерди суракка алып жатат. Кандай максатта келгени жана айтылган кептерге тиешелүүлүгү каралууда. Спортчулардын бар-жогу да такталып жатат", — деди Макилов.

Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылды.

sputnik