Кыргызстандын тоолорунда жоголуп кеткен бир үй-бүлө табылды. Бардыгы аман-эсен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Буга чейин 2020-жылдын сентябрь айында Николай Дививи кош бойлуу жубайы жана үч баласы (11, 6 жана 5 жашар) менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен жериндеги тоого кетип, ошондон бери байланышка чыкпай жатканы кабарланган.
Издөө иштерине ыктыярдуу уюмдар менен милиция тартылган.
"Изделип жаткан Николай Дививи 24-декабрь күнү кечинде энеси менен байланышып, бардыгы жакшы экенин билдирген. Үй-бүлө Ош жана Жалал-Абад облустары чектешкен аймактагы тоолордо жашап жеке чарбачылыкты кайтарышат экен. Дививи тоодо байланыш начар болгондуктан туугандарына телефон чала албай жүргөнүн билдирген", — дешти милициядан.
"Совет общественной безопасности" ыктыярчылар уюмунан билдиришкендей, Дививинин жубайы төрөп, эми үй-бүлөдө төрт бала болуп калды.