14 декабря 2020
Ысык-Атанын Новопокровка айылына жакын сарайда кечээ өрттөн каза тапкан төрт маркум энеси жана кичинекей балдары болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан айтып беришти.
Эске салсак, кечээ, 13-декабрда, түш ченде сарай өрттөнүп, анын кесепетинен 25 жаштагы келин менен 3, 4 жана 6 жашар эки эркек бала менен бир кыз көз жумган.
"Өрттөн көз жумгандар бир үй-бүлө болгон. Каза тапкандар — энеси жана балдары. Ал эми алардын атасы ошол күнү автобазарга кеткени белгилүү болду", — деп билдиришти ӨКМден.
Маалыматка караганда, үй-бүлө Новопокровка айылына жакын ээн сарайдын баш жагында курулган турак үйдө жашап жаткан.