Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 киши жабыркады. Видео

5 января 2021 Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 киши жабыркады. Видео

Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Видео

Маалыматка караганда, күйүк алган 11 киши Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилген.

"Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат", — дешти ӨКМден.

Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлдү. Ал эми санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулат.

sputnik