УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун кан басымы жогорулап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
23 февраля 2021Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.
23 февраля 2021Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жактоочусу Данияр Эркимбаев экс-премьердин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
23 февраля 2021Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
22 февраля 2021Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков президент Шавкат Мирзиёевден катуу сын уккандан кийин жашоо шарты өтө татаал Бунёдкор айылына көчүп барып, контейнерде жашайм деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
22 февраля 2021Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.
22 февраля 2021Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады.
22 февраля 2021Лайнер асманда жарым сааттай учкан. Бул мезгилде анын кыймылдаткычы күйүп, анын жалындаган сыныктары Денвердин тургундарынын короосуна түшкөн. Мындай көрүнүштөн кийин эл окуяны полицияга кабарлаган. Андан эч ким жабыркаган эмес.
22 февраля 2021Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев батирден чыккан өрттүн кесепетинен көз жумган беш бир туугандын окуясын өлкө трагедиясы деп атады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
21 февраля 2021Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алгандардын 29 пайызга жакыны чет элдик студенттер. Бул тууралуу Улуттук статистика мамлекеттик комитети кабарлады.
21 февраля 2021Россияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды.
21 февраля 2021Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айткан.
19 февраля 2021Жаздын келиши менен социалдык активдүүлүк жогорулайт. Ал коронавирус менен ооругандардын статистикасына терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамелея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.
19 февраля 2021Календарга ылайык, өлкө тургундары 6-7-8-март, ошондой эле 13, 14, 20, 21, 22-март күндөрү үйдө болушат. Мында Нооруз белгиленчү 21-март жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 27 жана 28-март кадимки дем алыш.
19 февраля 2021РФтин Агартуу министрлигинин "Россиянын мугалими чет жерде" аттуу гуманитардык долбоорунун алкагында Ошко педагогдордун делегациясы учуп келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
19 февраля 2021Бүгүн Facebook тармагынын Ахрор Иминов аттуу колдонуучусу Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө жаш балдар көп коюлуп жатканын, бир жуманын ичинде эле 20 бала жерге берилгенин айткан. Ага таянып маалыматты айрым ЖМКлар дагы жазган.
19 февраля 2021Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына жасай турган сапары 24-25-февралга белгиленген. Мамлекет башчы учурда тыкыр даярдыктан улам обочолонууда болуп жатат. Бул иш сапардан эки тарап тең көп нерсени күтүп жатат. Саясий "көздөн кечирүү", КР президентинин эл аралык жогорку деңгээлде биринчи ирет чыгышы, мындан тышкары, стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесинин кайсы багыт менен өнүгө турганы аныкталмакчы.
19 февраля 2021Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.
19 февраля 2021Эртеңден баштап бир нече аткаминер камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда билдирди.
19 февраля 2021Райымбек Матраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 сааттын ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт.
19 февраля 2021Экс-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин аянты 33 гектар болгон заводу бар. Бул туурасында УКМКнын жетекчиси чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугуп жатканда билдирди.
19 февраля 2021Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
17 февраля 2021Ушул жылдын март айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
16 февраля 2021Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөбөсө көптөгөн объектилеринен ажырап калуу кооптуулугу бар деген пикири боюнча комментарий берди.
15 февраля 2021Талас облусунун Арал айылында сууга чөгүп бараткан үч жашар баласын куткарам деп апасы дагы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
15 февраля 2021Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты эск-президенттин тегерегиндеги жакын адамдары тастыктады.
15 февраля 2021Москванын чок ортосунда жайгашкан эки кабаттуу имарат өрттөнүп, тилсиз жоо 500 чарчы метр аянтты жалмаган. Бул тууралуу РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.
15 февраля 2021Алардын бирин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу. Sputnik Кыргызстан агенттиги мекеменин илимий иштер боюнча директорунун орун басары Жолдошбек Кырбашев менен корукта аткарылган иш-чаралар, Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана келечектеги пландары тууралуу баарлашты.
15 февраля 2021Мушташ тууралуу үйүнүн терезеси талкаланган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болгон. Ал жаш балдар бири-бирин ташка алганын, мындан улам айнеги талкаланганын айтып даттанган.
15 февраля 2021Кезинде СССРдин эл артисти, залкар режиссер Төлөмүш Океев Москвада сүрөтчүлүккө окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди "Ак илбирстин тукуму" тасмасына тартылууга чакырып, жаш жигиттин жолун ачкан.
14 февраля 2021Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү соңку убакта мекендештер автоунаа сатып алууда алданып калуу фактысы менен көп кайрылып жатканын билдирет. Мындан улам өкүлчүлүк маанилүү кеңештерди сунуштады.
14 февраля 2021"Өлкө башчы Матраимов ага ким экенин так аныктап алышы керек. Ал Матраимовду камайбы же коргойбу? Жапаров блогердин эмес, президенттин функцияларын аткарышы зарыл. Биз акыйкаттык орношун талап кылабыз", — деген жүрүштүн модератору.
14 февраля 2021Премьер-министр Улукбек Марипов "Өмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомго кол койду.
14 февраля 2021Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн дагы белгиледи.
14 февраля 2021