Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

17 февраля 2021 Финполчуларды көрүп акчаны ыргытып жиберген. Пара менен кармалган тергөөчү. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) жана Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, аталган органга А.К. аттуу адам кайрылып, Ленин РИИБдин тергөөчүсү ишти оң жагына бүтүрүп берүү үчүн акча талап кылып жатканын айтып, арыз калтырган.

Буга байланыштуу финполчулар Бишкек ШИИБдин тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте акча алып жаткан жеринен Ленин РИИБдин тергөө кызматынын К.Н. аттуу өкүлүн колго түшүргөн.

Видеодон тергөөчүнүн 1000 сомдук акчаны санап жатканын көрүүгө болот. Бирок колго түшөрдө акчаны жерге ыргытып жиберген.

Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын тандап, №1 тергөө абагына эки айга камады.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.


sputnik