Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат

23 февраля 2021 Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат

Бишкектин чок ортосунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат. Мекеме "Эльдорадо" соода борборунун ичинде болмокчу. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерге тийиштиги бар экенин моюндап, мамлекетке 2 миллиард сомдук зыянды толтуруп берген. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна “Эльдорадо” соода борборун, тогуз батирин өткөрүп бергени айтылган.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов борбор калаадагы Калкты тейлөө борборуна эскертүүсүз барып, иши менен таанышкан. Премьер-министр ошол жактан жакынкы аралыкта “Эльдорадодо” жаңы борбор ачыларын айткан.

“Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү”, — деп билдирген Марипов.

Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди open space (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылган. Бул өз учурунда кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөрү белгиленди.

sputnik