БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?

19 февраля 2021 БУУ Кыргызстанга ири суммада каражат бермей болду. Кайда жумшалат?

Биринчи вице-премьер Артем Новиков БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн-форматта жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Алгач Новиков БУУга COVID-19 пандемиясы учурунда гуманитардык жана техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

Аны менен катар социалдык-экономикалык кризистин кесепетин жоюуга ыкчам чара көрүү маселесин ортого салган.

Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айткан.

Жыйындын соңунда тараптар 10-мартка чейин беш негизги багыт боюнча алкактык программаны иштеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө киргизүүгө макулдашышты.

COVID-19га социалдык-экономикалык жактан ыкчам чара көрүү боюнча БУУнун Алкактык программасы беш багыттан турат:

  • Кризис маалында саламаттык сактоо системасын жана кызматтарын колдоо;
  • Адамдарды коргоо, социалдык коргоо жана базалык кызматтар;
  • Экономикалык реакция жана жандандыруу: жумуш орундарын, чакан жана орто бизнести, бейформал сектордогу жумушчуларды коргоо;
  • Макроэкономикалык чараларга жооп кайтаруу жана көп тармактуу кызматташтык;
  • Социалдык биримдик жана жергиликтүү коомдун туруктуулугу.


sputnik