Таласта жаш балдар топтошуп мушташа кетишти

15 февраля 2021 Таласта жаш балдар топтошуп мушташа кетишти

Талас шаарында массалык мушташ чыкканын Sputnik агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын айтымында, окуя жекшембиге караган түнү Нуржанов менен Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Мушташ тууралуу үйүнүн терезеси талкаланган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болгон. Ал жаш балдар бири-бирин ташка алганын, мындан улам айнеги талкаланганын айтып даттанган.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барган.

"Азырынча мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Чырдашкандардын эч кимиси арыз менен кайрылган жок", — деди Сарногоева.

Алдын ала маалымат боюнча, окуучулардын мушташканы божомолдонуп жатат. Тергөө иштери уланууда.

sputnik