Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн

19 февраля 2021 Кыргызстандыктар март айында 10 күн эс алышы мүмкүн

Март айында кыргызстандыктар 10 күн эс алышы ыктымал.

Календарга ылайык, өлкө тургундары 6-7-8-март, ошондой эле 13, 14, 20, 21, 22-март күндөрү үйдө болушат. Мында Нооруз белгиленчү 21-март жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Ал эми 27 жана 28-март кадимки дем алыш.

Ал эми коңшу казакстандыктар март айынын дээрлик теңин эс алышат. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганы боюнча 6, 7, 8, 13, 14, 20, 21, 22, 24, 27, 28-март күндөрү жумуш күнү эмес.


sputnik