Россияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Окумуштуулар Россиянын түштүк тарабындагы канаттуулар фабрикасында иштеген жети кызматкерден аталган илдеттин генетикалык материалын алышкан. Бул аймакта 2020-жылдын декабрында канаттуулар арасында куш тумоосу аныкталган болчу. Адамдар менен жаныбарларды коргоо боюнча иш-чаралар өтүп, инфекциянын жайылуусуна жол берилген эмес. Попованын айтымында, жогорудагы жети кишинин тең абалы жакшы, оору жеңил өткөн.
Ал аталган вирус азырынча адамдан адамга жукпай турганын белгилеп, ошону менен бирге кийинки мутациясы жугуу кооптуулугун жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Вирус кишиден кишиге жуккудай болгучакты биз, дүйнө жүзү, даярданып, бардык өзгөрүүлөргө карайлабай, өз убагында жооп кайтара алгыдай деңгээлге жетишибиз керек. Мында тест-система иштеп чыгуу, вакциналык платформаларды даярдоо тууралуу сөз болуп жатат", — деди Попова.
Ал ушул алкактан алып караганда россиялык окумуштуулардын эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.