Таласта үч жашар баласын суудан куткарам деп апасы да чөгүп кетти

15 февраля 2021 Таласта үч жашар баласын суудан куткарам деп апасы да чөгүп кетти

Талас облусунун Арал айылында сууга чөгүп бараткан үч жашар баласын куткарам деп апасы дагы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, каргаша кечээ, 14-февраль күнү, болгон.

Каза болгон келин 25 жашта экени айтылды. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми баланын сөөгүн атасы алып чыккан.


sputnik