Мындай өтүнүч менен Биринчи май райондук администрациясы кайрылып, чечимди 22-февралда судья Асел Эсенгулова чыгарган. Соттун токтому соттук актылар сайтына жарыяланды.
5 марта 2021"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.
5 марта 2021Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
5 марта 2021“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
5 марта 2021Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
5 марта 2021Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган көрсөтмөлөрдү жайылтпоо жөнүндө суракка алынган адамдан кол койдуруп алууга укугу бар.
5 марта 2021Ал жыл башынан бери россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин дүң баасы 300 доллардан 500 долларга кымбаттаганын эске салды. Мындан сырткары, мунай баасы дагы 31 пайызга өскөн. Ал эми сом КМШ өлкөлөрүндөгү валюталардын ичинен көбүрөөк арзандаган.
5 марта 2021Алдын ала алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 2-мартында болжол менен саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын Э.Б. аттуу 65 жаштагы тургуну буюртма берген.
4 марта 2021Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.
4 марта 2021Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.
4 марта 2021"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
4 марта 2021Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
4 марта 2021Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
3 марта 2021Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы төрагасы, ошондой эле билет сатуу менен алектенген авиакассанын жетекчиси Талант Токталиев негиздемени көзөмөлдөө функциясы эмне себептен авиакомпанияларга берилгендигин түшүндүрүп берди.
2 марта 2021"Карасам Конституцияны Америка, Германия, Испания жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр. Анан кантип биринчи кыргызчасы жазылып, анан орусчага которулду деп айтып жатасыңар", — деди Абдылдаев.
2 марта 2021Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанат. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
2 марта 2021Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.
2 марта 2021Региондук кооперациянын актуалдуу маселелери боюнча позициялардын окшоштугун жана Борбордук Азияда ишеним көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук атмосферасын бекемдөөгө эки тараптын умтула тургандыгын ырасташат.
2 марта 2021Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.
2 марта 2021Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
2 марта 2021Маек 1-мартта жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга 2-3-мартта боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген.
2 марта 2021Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.
2 марта 2021Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
2 марта 2021Нур-Султан шаарында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.
2 марта 2021Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
2 марта 2021Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.
2 марта 2021Бала кезде СССРдин башчысы Леонид Брежневдей болууну кыялдангам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
2 марта 2021Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
1 марта 2021Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.
1 марта 2021УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз байыды деп иш козгоду. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.
1 марта 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады.
1 марта 2021Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 марта 2021Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
1 марта 2021Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
1 марта 2021