1 марта 2021
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эл өкүлүнүн байлыгын жарыялады.
- 20 элиталык батир;
- Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрү;
- Ысык-Көл облусундагы пансионаты;
- Ысык-Көл менен Чүй облусундагы жер тилкелери;
- Түркия менен БАЭдеги кыймылсыз мүлктөрү;
- Бишкекке көп кабаттуу үйлөрдү жана коммерциялык объектилерди (Кайынды кабелдик заводу) курган курулуш компанияларынын бирине инвестиция жасаган;
- Таш көмүр жана алтын чыккан кендерге инвестиция жасаган.
Белгилей кетсек, Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.