ЕАЭБ чек арасында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

1 марта 2021 ЕАЭБ чек арасында ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Чечим расмий жарыяланган соң он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мурда товарды коштоочу документтерге ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама да талап кылынчу. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, мындай жагдай ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып келгени айтылат.

"Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, коштоочу документтердин тизмесинен алып салуу чечими кабыл алынды. Бул КРдин "бир аялдама" принциби боюнча товар экспорттоого мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул токтом бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салбай турганы белгиленет.


sputnik