Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту

2 марта 2021 Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылар учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң президенттер Казакстандын мамлекеттик туусуна келип башын ийишти.

"Ак ордонун" фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.


sputnik