Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы

2 марта 2021 Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин өтөт. Ага мурдагы жылкы бүтүрүүчүлөр дагы катыша алат. Онлайн-каттоо www.testing.kg сайты аркылуу 26-февралдан 9-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева белгилегендей, бүтүрүүчүлөр ЖРТга окуган жери боюнча каттоого турушат. Ал эми мурдагы жылдары мектепти аяктагандар шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн системага кирүүгө уруксат алышы керек.

Каттоого туруу үчүн абитуриенттердин төмөнкү документтери болушу шарт:

  • Абитуриенттер 16 жашка толгон болсо сөзсүз түрдө паспорту керек. Эгер паспорту жок болуп калса, ЖРТга кире албай калат;
  • 16 жашка чейинки абитуриенттердин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек;
  • Билим алган мектебинен маалым кат керек, ага абитуриенттин сүрөтү чапталып, мөөр басылган болушу зарыл;
  • Мурдагы жылкы бүтүрүүчүлөр аттестаттын түп нускасын кошо тиркеши керек;
  • Электрондук сүрөт.

Белгилей кетчү жагдай, бардык документтердин түп нускасы алынат. Көчүрмөсү жарабайт.

"Документке тиркеле турган сүрөттү уюлдук аппартка же фотоаппаратка тартса болот. Башкысы — сапаты мыкты болушу керек. Бүтүрүүчү камерага түз карап, кыйшайбай түшүшү шарт. Бети экрандын так ортосунда болушу керек. Шарф сыяктуу нерселерди тагынганга болбойт. Талаптар паспортко түшкөндөй эле. Эгер сүрөт туура эмес болуп калса, ЖРТга каттоо дагы мүмкүн эмес болуп калат", — деди Батракеева.

Ал, ошондой эле, учурда айрым бүтүрүүчүлөрдүн чаар ала фонго түшкөн же башка сүрөттөн кесилген сүрөттөрү келип жатканын кошумчалады.


sputnik