Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду

5 марта 2021 Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.

Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.

Эскерте кетсек, аталган кызматты октябрь окуяларынан соң Сыймык Жапыкеев жетектеп келген.


sputnik