Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

1 марта 2021 Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды

Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев орун басарын жамаатка тааныштырууга жетишти.

Сапарбаев 2008–2010-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 2012-2014-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган.


sputnik