УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду

1 марта 2021 УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге мыйзамсыз байыды деп иш козгоду. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, ал ЖК депутаты болуп турган учурда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланыштарын колдонуп мамлекеттик башкарууга активдүү катышкан.

Муну менен катар ал жеке менчик структуралардын кызыкчылыгын коргогону айтылды. УКМК тергөөгө юридикалык баа берүү үчүн эл өкүлүнүн бардык мүлк жана каржы активдери аныкталып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөн.

sputnik