УКМК Ошто облус башчысы Абдраимовдун партиясы шайлоого катышып жатканын сындады

1 марта 2021 УКМК Ошто облус башчысы Абдраимовдун партиясы шайлоого катышып жатканын сындады

УКМК өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовго таандык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жатканын сындады.

Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.

"Деген менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовдун "Ишеним" саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жатканы тынчсыздандырат. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. УКМК дал ушул сыяктуу административдик ресурс колдонуу, шайлоонун таза эмес өтүшү 2020-жылдагы октябрь окуяларынын негизги себеби болгон деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК бардык саясий күчтөргө шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, эгер жаза басуулар болсо, белгиленген тартипте чара көрүлөрүн билдирди.


sputnik