Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

4 марта 2021 Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.

Убагында Сейталиевдин талантына суктанган дүйнөлүк маданияттын дөө-шаалары аны булбулга теңешкен. Жакынкы өлкөлөр гана эмес, алыскы Швейцария өңдүү мамлекеттерден да иштөөгө чакыруулар түшкөн.

Өмүр баяны. 1937-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Жайылма айылында карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган. Андан кийин 1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетин бүтүргөн (азыркы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы). Казакстанга окууга кетип жатканда ошол кездеги маданият министри Күлипа Кондучалова "кайра келесиң, калып калба" деп айткан экен.

Алматыдагы консерваториянын профессору, Казакстандын эл артисти Бекен Жилисбаев Сейталиевди бир көргөндө эле "ой, бул алтын үндүү ырчы турбайбы. Сейталиев консерваторияга булбул болуп келди, булбул болуп кайра кетти. Мен аны бузган жокмун, калганы өзүнүкү" деп айткан жайы бар. 1969-жылы Казакстандан кайтып келгенден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. 1969-2013-жылдар ичинде операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон. 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жеке ырдоо классында иштеген.

Ит-мышык менен коюндаш өткөн жетимчилик. Токтоналы Сейталиевдин бала чагы абдан оор болгон. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин айтымында, Сейталиев 7-8 жашында эле томолой жетим калып, бир туугандары да жок, жалгыздыктын азабын жакшы эле тартыптыр.

"Токтанаалы Сейталиевич аксакалды кыргыздын жүзү, кыргыз ырчыларынын атасы десек болот. Бул кишинин тагдыры, басып өткөн жолу өтө кейиштүү, экинчи жагынан өкүнүчтүү окуялар менен да коштолот. Негизинен апасы көп бала төрөгөнү менен арасынан эр жетип чоңойгону жалгыз Сейталиев болгон экен. Бала кезинде ата-энеси эки кулагына сөйкө тагып, мурдун да көзөп аман-эсен жүрсүн деп ырымдашат. Кичине кезинен көзү да жакшы көрчү эмес экен.

"Апам менен атам өлүп, үйдө жалгыз калдым. Кенедей кепе, үй ичинде эч кандай оокат жок. Болгону эки ит жана бир-эки мышык бар. Төшөнчү да жок, самандын үстүнө жатып уктап калам. Эки итим болсо эки жагыма, мышыктар төшүмө жатып алчу. Ошентип ит-мышык менен чогуу чоңойгом. Эртең менен мен турган кезде алар да туруп кетчү", — деп айтып калчу байкуш киши. Бирок деги бир суук тийип, оорубаптыр. Анын башынан өткөнүн айтып отурса, уккан адам ыйлачу", — деди Асаналиев.

Токтоналы Сейталиев негизинен чечен улутун жакшы көрчү экен. Анткени чечендер анын жону катуу жокчулук коштогон, ичсе тамакка, кийсе кийимге жетпей жүргөн бала чагында көп жолу тамак-ашын берип, каралашыптыр. "Токтоналы ага бир аз эс тартканда айылына келген чечендер менен иштешип калат. Аларга "араба түртүшүп жардам берип жүрчүмүн. Чечендер хор менен көп ырдачу. Анан өздөрүнүн ырларын өздөрү ырдай албай калар эле. Ырдап келип эле жогорку ноталарды ала турган жерине келгенде мени карап калышчу. Андан ары мен созуп кетчүмүн" деп көп эскерчү", — деди Асаналиев.

Окууга тапшыруусу. Жетимчилик, жокчулук менен жүрүп окууга өтүүгө жашы да өтүп калган маалда опера ырчыларына сынак болгонун угуп, капыстан эле опера дүйнөсүнүн босогосун аттап калат. "Бир күнү бир жерден опера-балет театрына таланттуу жаштарды алып жатканын угуп калып, "окууга кетип жатам" десе айылдаштары эптеп колдо болгон аппак материалдан көйнөк-дамбал тигип беришип, азык болсун деп чоң түйүнчөккө ун салып жөнөтүшөт. Анан ошол унду көтөрүп алып театрдын эшигинин алдына келсе, аппак дамбал кийген, кулак-пулагынын баары тешик, чачы-башы өскөн "немени" имараттын ичине киргизбей коюшат. Айла жок эшикте турса ошол экзамен ала тургандардын бири көрүп калып, келген себебин сурайт. "Ырчы болууну каалайм. Келсем, эшиктен киргизбей жатат" деп бул киши жөнүн айтса тиги киши киргизип коёт. Ошентип кезегин күтүп карап отурса, сынакка келгендер улам ырдап чыгып кетишет. Арасында кыйраткан деле эч кимиси жок. Бир маалда комиссия "эч ким калган жокпу? Баары ырдап бүтүштүбү, эми жыйынтыгын чыгаралы", — деп сураганда: "Мен бармын", — деп чыгат.

"Чакырганда унду бирөө көтөрүп кетчүдөй болуп, аны кошо алып кирдим, сахнада да капкара болгон рояль туруптур. Барып, анын үстүнө унду койсом эле "буф" этип бети-башымдын баары агала болуп эле жатып калдым. Анан өзүм айылда ырдап жүргөндөй эле бакырып-өкүрүп ырдасам баары оозун ачып калды. Ошентип өтүп кеткем. Кийин Сайра Кийизбаева жанына чакырып, кайдан болосуң деп сураштырып отуруп, ата-энем жогун да билди. Өмүрүмдө биринчи жолу адамдардан ошондо камкордук көргөм. Сайра Кийизбаева ата-энеси жок балдарга жардам берүүчү фонддорго жаздыртып, костюм-шым, кийим-кечемди алып беришип, жата турган жеримди да даярдап берди. Ошентип кудайдын барманы менен окуп калдым", — деп кеп кылчу", — деди Асаналиев.

Чыгармачылыгы. Токтоналы Сейталиев 50 жылдык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Вердинин "Дон Карлос", Пуччинин "Жанни Скикки" (Ринуччо), Доницеттинин "Любовный напиток" (Неморино), Бойтонун "Мефистофель" (Фауст), Гунонун "Фауст" (Фауст), Мусоргскийдин "Борис Годунов" (Юродивый), Вердинин "Риголетто" (Герцог), "Травиата" (Альфред) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган. 

Ал 1970-80-жылдары Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган. Опералык ариялардан тышкары Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Бойтонун "Мефистофель" операсын Асанкан Жумакматов Болот Миңжылкыев жана Токтонаалы Сейталиев үчүн койгон экен. 1984-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын күндөрү иш-чарасына Кыргызстандан "Мефистофель" операсын да алып барышат. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков: "Москвадагы "Большой театрдын" залында алдыңкы катарда Болот Миңжылкыев менен австриялык жана советтик опера ырчысы Владимир Атлантов отурган болот. Ошондо Миңжылкыев Атлантовго тамашалап: "сен "до" нотасын алганда бир орундан кыймылдабайсың. Ал эми биздин Сейталиев "до" нотасын алганда бир колун өйдө көтөрүп алып сахнада басып жүрө берет" десе, Атлантов таарынып калат. Көп узабай сахнадан "Мефистофель" тартууланып Сейталиев "до" нотасын алып, сахнанын аркы башынан берки учуна чейин басып келди. Негизи мындайда басмак турсун, кыймылдай албай каласың. Эл укмуш кабыл алды. Жыйынтыгында дүйнөлүк маданият өкүлдөрү биздин өлкө тууралуу абдан жакшы ойдо калганын айтып, "Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги эки опера ырчысы бар экен" деп, Миңжылкыев менен Сейталиевди белгилешкен", — деди телеге берген маегинде.

Алматы консерваториясында легендага айланганда. Мурда консерваториянын алдындагы эки жылдык даярдоо курсунда эле окуган Сейталиев профессионалдуу түрдө билим алуу үчүн Алматыга барып, атактуу опера ырчысы Бекен Жилисбаевдин классына кирип, ал кишинин колунда жети жыл сабак алган. Алар 1969-жылы окууну аяктаган алтын үндүү Сейталиевдин Казакстанда калып иштөөсүн суранышкан. Бирок улуу талант мекенине кайтып келе берген.

"Аскар Акаев президент болуп турганда Казакстандын камералык жана опера ырчысы Алибек Днишев келип, филармонияда концерт берди. Ошондо Токтоналы аке татынакай кийинип, кыпкызыл бабочкасын тагынып алып, бир кучак гүлүн көтөрүп сахнага чыгып куттуктаган. Аны көргөн Днишев: "Токтоналы Сейталиевич, азыркы убакка чейин Алма-Ата консерваториясында сиздин ырдаганыңыз, окууну кандай бүткөнүңүз легенда болуп айтылып жүрөт. Сиз окуп бүткөндөн кийин артыңыздан далай эле таланттар чыкты, бирок сиздей уламышка айланган бирөө да жок. Азыркыга чейин айтыласыз", — деп айткан", — деди Токтобек Асаналиев.

Тамашакөй адам. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Кайымбек Кускаков жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Сейталиевдин тамашакөйлүгүн эскерет.

"Театрда коллективдин ар кандай жыйындары өтүп турчу. Атын атабай эле коёюн, ошол кездеги маданият министри келип, жыйынга катышып калды. Чынын айтуу керек, өтө орой жана кекете сүйлөгөн адам экен. Аябай сүрүн көрсөттү. Бир кезде Токо (Токтоналы Сейталиев — ред.): "ай, ушу сенин үнүңдүн тембри аябай жакшы экен. Солист болуп бизге жумушка кирбейсиңби", — деди эле, театрдагы артисттердин баары "дуу" күлүп жиберишти. Отургандарды күлдүрүп, кайра заматта ыйлатып коё ала турган адам болчу. Өзүнүн 80 жылдыгында Током сахнада аябай жакшы сүйлөп, өткөн өмүрүнүн кызыктуу ирмемдерин айтып элди күлдүрүп, кайра "байкушум" деп байбичеси раматылык Гүланда (Гүланда Иманалиева — ред.) эжени эскерип, залда отургандарды ыйлатты", — деди Кускаков.

Үй-бүлөсү. Токтаналы Сейталиевдин чыгармачылыгынын ушундай бийик деңгээлге жетишине жубайы Гүланда Иманалиеванын ролу чоң болгон. Жолдошу Токтоналы Сейталиевдин аткарган ар бир партиясын жатка билгендигин үй-бүлөгө жакын адамдар айтышат. Консерваторияда Сейталиев вокалды окутса, жубайы маданияттан сабак берчү. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жубайы борбордогу атайын ооруканага жатып, катуу болуп калганда эле Токтоналы аганын да акыбалы начарлаганын кесиптештери эскеришет. Жубайы мындан үч жарым жыл мурда каза болгон. Эки талант эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Кызы Гүлмира Сейталиева Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктайт. Кыргызстанда ага чейин аталган окуу жайды Айсулуу Токомбаева гана бүтүргөн. Азыр ал кызы Дубайда жашап, маданият чөйрөсүндө эмгектенет.

Сыйлыктары. Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ал ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга татыган. 1995-жылы жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1984-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Каза болушу. Легендага айланган профессор Токтоналы Сейталиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


sputnik