Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү

2 марта 2021 Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, мамлекеттик сапар 2-март күнү башталып, эки күнгө созулмакчы.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады. Андан соң тараптар мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

"Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик", — деди президент.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирип, кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров КР делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы болуп шайлангандан кийин биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтты.

Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин, Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

Эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык алакасы мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

Жапаровду Казакстанга кимдер коштоп кеткенин да билип алыңыз.


sputnik