Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы

4 марта 2021 Аксыда ууланып көз жумгандар жакын туугандар болгон. Окуянын чоо-жайы

Аксыда ууланып каза болгондор жакын туугандар болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 2-мартында болжол менен саат 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын Э.Б. аттуу 65 жаштагы тургуну буюртма берген.

Ал өзүнүн жакын туугандарын 23-февраль жана 8-март майрамына карата чакырган. Ага 19 адам барган. Аталган ашканадан тамак берилип, меймандар спирт ичимдиктерин да ичишкен.

Коноктор болжол менен саат 16:30дар чамасында үйлөрүнө тарап кетишкен. Эртеси, 3-март күнү кечинде, болжол менен саат 23:00дөр чамасында сый тамакка чакырылган коноктордун арасынан алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок абалы оор болгондуктан жергиликтүү дарыгерлер аларды Аксы аймактык ооруканасына жиберген. Үч адам үйүндө каза болсо, дагы үчөө райондук ооруканада көз жумган.

Факты 4-март күнү Аксы РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин каза болгондордун ким экени такталган.


sputnik