Жапаров Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болгонун айтты

2 марта 2021 Жапаров Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болгонун айтты

Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанат. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин кызматташтыгынын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн айтты.

Жапаров кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланганын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.

"Биз мамлекеттердин ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук", — деген ал.

Мамлекет башчы казакстандык өнөктөшү Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Президент эки өлкөнүн жана эки элдин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүдө кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешке, парламенттер аралык кеңешке жана өкмөттөр аралык кеңешке, жакынкы келечекке пландалган кезектеги жолугушууларды өткөрүүгө чоң үмүт артылганын кошумчалады.

"Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана көрсөткүчтөрү боюнча Россия менен Кытайдан кийинки, үчүнчү орунда турат. Биз мындан ары дагы зарыл шарттарды түзүп, өз ара сооданы өркүндөтөбүз деп макулдаштык. Сүйлөшүүлөрдө биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элдин ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү, ал эми 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт", — деп белгилеген Жапаров.

Ал ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолду.

"Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар", — деген Жапаров.

Президенттин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

sputnik