Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт

2 марта 2021 Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.

Флагштокто Кыргызстан менен Казакстандын туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилип турат.

Мамлекеттик сапардын алкагында Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, кызматташуунун маселелерин талкууламакчы.

Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы айтылды.



sputnik