Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр

2 марта 2021 Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев жаңы Конституциянын долбоору чет өлкөнүкүнөн алып жазылганын сындады.

Алгач ал эгемендүүлүк менен көз карандысыздыктын айырмаланып жазылбаганын белгиледи.

"Карасам Конституцияны Америка, Германия, Испания жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр. Анан кантип биринчи кыргызчасы жазылып, анан орусчага которулду деп айтып жатасыңар", — деди Абдылдаев.

Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карап жатат.


sputnik