Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат

19 февраля 2021 Садыр Жапаровдун Россияга жасай турчу иш сапарынан эмне күтүлүп жатат

Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына жасай турган сапары 24-25-февралга белгиленген. Мамлекет башчы учурда тыкыр даярдыктан улам обочолонууда болуп жатат. Бул иш сапардан эки тарап тең көп нерсени күтүп жатат. Саясий "көздөн кечирүү", КР президентинин эл аралык жогорку деңгээлде биринчи ирет чыгышы, мындан тышкары, стратегиялык өнөктөштөрдүн мамилесинин кайсы багыт менен өнүгө турганы аныкталмакчы.

"Албетте, сырткы багыттагы бир канча вектордо биз үчүн маанилүү орунду Россия ээлейт. Жаңы шайланган президент биринчи иш сапарын ал жакка жөн жерден жасаган жок. Буга көптөн бери даярданды, октябрдагы турукташуудан кийин иш башталды. Биринчиси ар дайым көптөрдүн көз алдында болот. Мындайча айтканда, көздөн кечирүү, көз салуу, байкоо жүрөт. Анын үстүнө бул мезгилдери бизде башкачараак абал түзүлгөн. Азыр президент өлкөнүн ичине гана белгилүү, сырткы аренада көзгө урунарлык кадамдарды жасай элек. Экинчи учур — Россия президенти Владимир Путин көп кайталап жүргөн алаканын, кызматташуунун ыгын, алкагын белгилеп алуу. Тагыраагы, окуяларга баа берүү, азыр биз турган абалды жана андан ары кандай жылабыз, кадамдарыбыз кандай болорун аныктап алуу. Дүйнөдө, өзгөчө постсоветтик аймакта мамлекет башчыларынын жеке мамилелери өзгөчө мааниге ээ. Ар бирөө өзүнүн саясий портретин жана өз ара алаканын ыкмаларын түзүп алат", — деп айтып берди Бешимов.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүсүз тар чөйрөдө жогорудагы позициялар сүйлөшүлөрүн жана кийинки формат ошого жараша болорун айтты.

sputnik