Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Адвокаттын жообу

23 февраля 2021 Мухаммедкалый Абылгазиев ачкачылык жарыяладыбы? Адвокаттын жообу

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жактоочусу Данияр Эркимбаев экс-премьердин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Адвокат мындай маалымат Абылгазиевди каралоо максатында тарап жатышы мүмкүн экендигин айтты.

"Бул жалган маалымат. Аны каралоо үчүн атайын чыгарып жатышат окшойт. Мен Абылгазиев менен 19-февралда жолуккам, абалы жакшы экенин айткан", — деди Эркимбаев.

Абылгазиевдин ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматты айрым жергиликтүү басылмалар Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбековге таянуу менен жазып чыгышты. Рысбековдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дагы Абылгазиевдин ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу кабары жок экенин билдирип, учурда маалымат такталып жатканын кошумчалашты.

Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган болчу. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.


sputnik