15 февраля 2021
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты эск-президенттин тегерегиндеги жакын адамдары тастыктады.
Алардын айтымында, Жээнбеков дем алыш күндөрү Бишкекке учуп келген.
Белгилей кетсек, экс-президент 2-февраль күнү жубайы менен Сауд Аравияга кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу.
Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка Сауд Аравия тараптын макулдугу менен барган.