Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер

21 февраля 2021 Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алгандардын 29 пайызга жакыны чет элдик студенттер. Бул тууралуу Улуттук статистика мамлекеттик комитети кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, республика аймагындагы ЖОЖдордо 2020-2021-окуу жылында 63 миңден ашуун чет элдик студент билим алууда. Алардын 69 пайызы (44 миңге жакын) — Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген республикалардан келгендер. Акыркы беш жылда КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга билим алууга жол тарткандардын агымы 5,4 пайызга жогорулаган.

Андан сырткары, 2016-жылдан бери КМШга кирбеген республикалардын жаштары 6000ден 19 миңге чейин көбөйгөн. Анын ичине индиялык студенттердин саны 10 пайызга төмөндөсө, пакистандыктар алты пайыздан 31 пайызга чейин көбөйгөн.


sputnik