Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

19 февраля 2021 Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.

Жолугушуу бүгүн, 18-февралда, Баткенде өттү.

"Баткен облусуна өзгөчө статус бере турган болсок, анын башчысы генерал-губернатор болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ишке өзү коюп-алып, чечимдерди өзү кабыл алып, ушул жерде өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү болот", — деди Ташиев.

Ал мындай макам Кыргызстандагы дубандардын ичинен жалгыз гана Баткен облусу үчүн каралып жаткандыгын айтты.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жаткандыгын айткан.

Ал эми үч күн мурда, 15-февралда, Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

sputnik