Миллиарддар... Кардарлар Кыргызстандын банктарында канча акча сактайт?

25 февраля 2021 Миллиарддар... Кардарлар Кыргызстандын банктарында канча акча сактайт?

Кыргызстандын банктарында кардарлар рекорддук көлөмдөгү акчаларды улуттук валютада кармап турушат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеп аз убакытка жана мөөнөтү аныкталбай салынган акчалар туурасында жүрүп жатат. Алардын ээлери жеке, юридикалык тараптар жана Кыргызстандын жарандыгы жок адамдар.

Өткөн жылдын аягын алып караганда, кардарлар жалпысынан 180,9 миллиард сом салышкан. Былтыр көлөм 27,2 миллиард сомго өскөн.

Төмөндө түшүндүрмө:

  • улуттук валютада 103,3 миллиард сомдон ашуун акча сакталган (бул рекорддук сумма, бир жылда 8,8 миллиардга өскөн);
  • чет элдик валютада сомдун көлөмүндө алганда 77,7 миллиард сомдук акча сакталган (бул рекорддук сумма, дээрлик 18,4 миллиард сомго көбөйгөн).


sputnik