Владимир Путин Садыр Жапаровго кунда жок кылыч белек кылды. Сүрөт

28 февраля 2021 Владимир Путин Садыр Жапаровго кунда жок кылыч белек кылды. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинден белекке кылыч алды.

Эске салсак, Жапаров 24-25-февралда Москвага иш сапары менен барган. Ошол эле күнү РФ лидери менен жолуккан. Кийинчерээк ал ЖМКларга берген маегинде Путинге кыргыз усталары жасаган кылыч тартуулаганын айткан.

"Баарынын кызыгы, Владимир Владимирович дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылган. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ", — деген ишенимдүү булактар.

КР президентинин маалымат катчысы Галина Байтерек аталган билдирүүнү тастыктады.

"Садыр Нургожоевич Владимир Владимировичке берген белегин да, андан алган кылычты да өтө деле жарнамалагысы келген жок. Анын үстүнө мамлекет башчы алган белегин Тарых музейине тапшырууну табыштады", — деди Байтерек.

Жапаров Москвага болгон иш сапарында Путинге жолуккандан тышкары парламент төрагасы, өкмөт башчысы, кыргыз мигранттары жана россиялык ишкерлер менен да кезиккен.


sputnik