1 марта 2021
Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган аял эки кишиге эки жасалма билетти 86 миң сомго саткан.
"Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алгандар анда көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган Н.Н. аттуу аял үй-бүлөлүү, эки баласы бар экени аныкталды. Ал мындай ишке карызы көбөйүп кетип баргандыгын айткан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда алдамчылыктын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн жаш балдары бар экени эске алынып, үй камагына чыгарылган.