Германиядагы хирург Бектуров: ичеги рагын дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдеп жатам

1 марта 2021 Германиядагы хирург Бектуров: ичеги рагын дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдеп жатам

Мекендешибиз Жанат Бектуров бир нече жылдан бери Германиянын Минден шаарындагы университеттик клиникада операция жасап, аны менен кошо илимий иштерин жүргүзүп келет.

— Кыргызстанда кесибиңиз боюнча канча жыл иштедиңиз эле? Эмне болуп Германияга кетип калдыңыз?

— 2006-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын аяктагам. Андан соң ординатура, аспирантураны окуп, ишмердүүлүгүмдү Мамбет Мамакеев атындагы госпиталдык хирургия кафедрасында баштагам. Аны өзүмдүн атам Жапар Бектуров жетектеп турчу. 2010-жылы Мамакеев аксакалдын кол алында кандидаттык диссертациямды жактадым. Бир жылдан кийин үй-бүлөбүздө чоң жоготуу болуп атамдан айрылып калдык. Аты кийин Ак-Суу райондук ооруканага ыйгарылды. Жакындарыбыздын көпчүлүгү медицина тармагында иштешет. Германияга 2011-жылы ошол жакта иштеген курсташым Бакыт Көбөгөновдун чакыруусу менен бир жылга практикага келгем. Бул убакыт аралыгында тил үйрөнүп, жумушка орношконго мүмкүнчүлүк пайда болду. 2012-жылы Минден шаарындагы университеттик клиникага кирип, учурда хирургия бөлүмүндө онкология багыты боюнча хирург болуп иштейм.

— Ыкчам хирургиялык кийлигишүүгө муктаж болгондор көп болсо керек. Кандай операцияларды жасайсыз?

— Мен иштеп жаткан оорукана тегеректеги чоң клиникалардын бири болуп саналат. Түндө нөөмөттө туруп үч операция жасадым. Негизи бир күндө онго чейин операция жасап, көбүнчө уйку без, ашказан, боор, өпкөгө кылабыз. Бейтаптарыбыздын басымдуу бөлүгү онкологиядан жабыркагандар.

— Университеттик клиникалар дартты аныктоо, дарылоо, жаш адистерди окутуу, илим-изилдөө иштерди жүргүзүүнүн очогу деп койсок болот. Азыр алек болгон илимий ишиңиз барбы?

— Чет өлкөгө чыкканда көп нерсени байкадым. Ошол жылдары башка мамлекеттерде операцияны аппараттын жардамы менен жасап жатса, Кыргызстанда кол менен жасашчу. КРдеги ооруканаларда материалдык-техникалык база начар болгонуна карабай ак халатчандар башка мамлекеттердегидей эле дартты аныктап, дарылап келген. Союздан кийин бизде медицинанын өнүгүшү токтоп, көңүл бурулбай калды. Мен иштеген университеттик клиникада чоң илимий иштер, ошол эле маалда оор операциялар тынымсыз жасалып турат. Мекеме тарабынан илим-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн кызматкерлерге толук шарт түзүлгөн, ар кандай долбоорлорго да катышып турсак болот. Буга жылына бир нече күн бөлүнөт, ал күндөрү башка шаарларга барып кесиптештерибиз менен тажрыйба бөлүшөбүз. Мен азыр ичегидеги ракты дарылоонун жаңы ыкмалары боюнча изилдөө жүргүзүп жатам.

— Германия саламаттык сактоого жыл сайын өтө чоң акча каражатын бөлүп турарын билебиз. Ал эми түрдүү оору, илдеттерди алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрөт?

— Менин билишимче, Германия жылына саламатык сактоо тармагына он миллиард евродон ашык каражат сарптайт. Анткени өнүккөн мамлекеттер өз элинин ден соолугу чың болушуна аябай жакшы көңүл бурат. Германиялыктар медициналык кызматка муктаж болуп калса чоң шаарларга келбей, жакынкы клиникаларга эле барат. Ошол ооруканаларда бүт жабдуу, тийиштүү адистер бар. Бул жакта үй-бүлөлүк медицина жакшы жолго салынган. Алар жер-жерлерде ооруну алдын алуу боюнча иш алып барат. Ар бир адам 50 жаштан өткөндөн кийин акысыз колоноскопиядан өтөт. Албетте, кандай гана оору болбосун аны өрчүп кеткенде эмес, баштапкы баскычында дарылоо жеңил жана адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк көп болот эмеспи. Жергиликтүү эл дагы өз саламаттыгына аябай көңүл бурат, медициналык камсыздандыруунун эсебинен байма-бай текшерүүдөн өтүп турушат.

— Мамлекет салган ошол каражаттын аркасы менен элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлүп, андан сырткары, киреше дагы табышса керек?

— Ооба. Сарпталган акча сөзсүз киреше алып келет, алар бекеринен ири каражат коротушпайт. Чет элдиктерге кымбат баалуу операциялар жасалат, жарандар медициналык камсыздандырууга, салыкка жакшы акча төлөшөт. Дүйнөдө да медицина бир орунда турбай өнүгүп жатат. Мисалы, биз көп жылдан бери курсакты кеспей эки-үч жеринен тешип эле операция жасап келебиз, эми быйылтан баштап клиникада роботтор операция жасай баштайт. Мындайча айтканда, хирург бери жактан башкарып анын кыймыл-аракетин көзөмөлдөйт, ал эми негизги аракеттерди робот өзү кылат. Бул технологиялар да бир топ акчаны талап кылат.

— Менимче, Германиянын саламаттык сактоо тармагында бир топ кыргызстандык эмгектенет. Алардын арасында таанымал мекендештерибиз да бар.

— Кыргызстанда алган медициналык билимибизди германиялыктар баалашат, көпчүлүгүбүздү күчтүү адис катары кабыл алышат. Анткени алгач келгенде эле кыргызстандык ак халатчандар кесипкөйлүгүн көрсөтүшөт. Мисалы, бир жердешибиз шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары, көбү бөлүм башчысы болуп иштешет. Кезинде Кыргызстандан беш курсташ келгенбиз, азыр бешөөбүз тең ар кайсы жерде хирург болуп иштеп жатабыз. Жетишкендиктер аябай көп. Аракет кылса, адам баласы жеңе албаган нерсе жок.

— Мекенден бөтөн жерге жолго чыкканда адам сөзсүз алдыга максаттарды коюп, чоң үмүт артат. Көздөгөн пландарыңыз толугу менен ишке аштыбы?

— Башка жерге келгенде ал элдин тартибине, менталитетине көнүүдө кыйынчылыктар болбой койбойт. Германияга жаңы келгенде бул жактын сертификатын алыш керек болуп калды. Анын жардамы менен Европанын башка мамлекеттеринин медициналык мекемелеринде иштөөгө болот. Буюрса, пландардын көбү ишке ашып жатат. Эң негизгиси — бул жактан бардык нерсени үйрөнүп, тажрыйбаны арттырып, билимди жогорулатып, анан ошонун баарын Кыргызстанга барып колдонсок деп максат койгом.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз. Кайра Кыргызстанга качан келесиз?

— Келинчегим кесиби боюнча эпидемиолог, экөөбүз учурда төрт баланы тарбиялап жатабыз. Эки кызыбыз Бишкекте, эки уулубуз Германияда төрөлгөн. Балдарыбыздын эне тилин, каада-салтты унутпашына аракет жасайбыз, үйдө кыргызча гана сүйлөшүп турабыз. Анан жеке менин ишимдеги ийгилигимде жубайымдын эмгеги чоң, ар тараптан колдоосу бизге дем берип турат.

Учурда Кыргызстандагы жаш адистерди практикага чакырып жатам. Алдыдагы эң чоң максатым — Бишкекте заманбап клиника ачуу. Долбоор каржылык маселелерден улам азыр кичине токтоп турат, буюрса, ал да жакынкы убактарда ишке ашат деген үмүтүм чоң. Чет жакта жүрсөк дагы ар дайым оюбуз Кыргызстанда. Жаңылыктарды калтырбай окуп кээде кубанып, кээде капаланабыз. Мен сыртка кеткенде кайра мекениме кайтып келем деп максат койгом, илимий иштеримди бүтүрүп алсам, жакын арада барам.


sputnik