Чочуп кетпеңиз! ӨКМ сиреналар менен эскертүү берип баштайт

10 марта 2021 Чочуп кетпеңиз! ӨКМ сиреналар менен эскертүү берип баштайт

ӨКМ 10-11-март күндөрү сирена жаңыртып, элге өзгөчө кырдаал тууралуу кабардар кылуу тутумун текшерет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу министрлик элди кабатыр болбоого чакырды.

Бүгүн жана эртең теле, радио түйүндөрүндө "эфирди үзүп берүү" жолу менен, ал эми көчөлөрдө сиреналар жана үн менен кабарлоо шаймандары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүү жүргүзүлмөкчү.


sputnik