Меган Маркл Букингем сарайынын абийирин ачып, кызуу талкуу жаратты

9 марта 2021 Меган Маркл Букингем сарайынын абийирин ачып, кызуу талкуу жаратты

Сассекс герцогу Гарри менен анын жубайы Меган Маркл америкалык белгилүү алып баруучу Опра Уинфриге берген ачык маеги коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Падышалык үй-бүлө мүчөлүгүнөн баш тарткан Гарри менен Мегандын Си-Би-Эс каналына берген интервьюсун Euronews жазган.

Меган Маркл Опра Уинфриге падышалык сарайдан кысымга учураганын, анын кара терилүү экенине асылгандар болгонун айтып берген.

"Кош бойлуу кезимде абдан көп сөз айтылды. Мисалы, ымыркайдын коопсуздугу үчүн шарт түзүлбөстүгү, ага титул берилбей турганы, керек болсо баланын түсү канчалык кара болуп төрөлөрү дагы талкууланып жатты. Алгач мунун баарын Гарриге айтуудан коркуп жүрдүм. Себеби ага үй-бүлөсү канчалык маанилүү экенин түшүнчүмүн. Жолдошума айта албай, ошол эле учурда мындай кептерди көтөрө албай ортодо абдан чайналдым", — деди герцогиния.

Маркл анын түсү тууралуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимиси талкуу жаратканын ачык айткан эмес. Ошол эле учурда канайым Елизавета II башкаларга салыштырмалуу ага эң сонун мамиле жасаганын белгилеген.

Ал эми анын жолдошу Гарри жакындары тарабынан түшүнүү жана колдоо болбогондугуна байланыштуу падышалык үй-бүлө мүчөлүгүнөн баш тартууга туура келгенин билдирген. Канзааданын айтымында, анын үй-бүлөсү Мегандын расасын талкуулаган британиялык басылмаларды сындабай койгону абдан капаланткан.

"Үй-бүлөмдөгү бир дагы адам үч жыл ичинде бир ооз сөз айтып койгонго жараган жок. Оор тийди", — деди Гарри.

Меган Маркл үлпөт тойдон кийин эле анын паспорту, айдоочулук күбөлүгү, банктык картасы алынганда барымтага түшкөндөй болгонун айтып бергенин BBC жазды.

"Падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү болуп турган кезде жашагым келбей, суицид тууралуу көп ойлонуп калгам", — деген ал.

Учурда жубайлар экинчи ымыркайын күтүп жатышат. Алар АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Барбара шаарында жашашат.

Маркл Лос-Анджелесте төрөлүп-өскөн. Атасынын түбү голландиялык болгону менен Ирландияда чоңойгон. Энеси — афроамерикалык.

Учурда британиялык бир катар ЖМКлар падышалык үй-бүлө Меган Маркл менен канзаада Гарринин чуулуу интервьюсуна кандай жооп берүү керектиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазышууда.


sputnik