Кыргызстан буга чейин Сирияга согушка кетип, ал жакта калып калган жарандарын алып келүү үчүн учак жиберет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди.
Депутат Эрмамат Тагаев Сирияда калган Кыргызстандын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн учак даярдалып жатканын сураган.
Парламентарийдин суроосуна жооп берип жатып Канулькулов айтылган маалыматтын анык экенин тастыктады.
"Бул чын. Өкмөттүн буйругу чыкты. Сирияда калган мекендештерди алып келүү үчүн атайын делегация жөнөтүлөт", — деген министрдин орун басары.
Өз кезегинде Тагаев кооптуу аймактан эң оболу аялдар менен жаш балдарды чыгарып кетүү өтүнүчүн айтты.
Буга чейин Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин бийлиги өз жарандарын алып келишкен. Ачык маалымат булактарындагы айтылгандарга ылайык, 2013-жылдан бери Араб өлкөлөрүндөгү согуштук аймактарга Борбор Азиядан миңдей жаран кеткен.