10 марта 2021
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кыргызстандык ар бир жаран бөйрөктүн оорусун алдын алуу үчүн дарыгердин кароосунан бекер өтө аларын билдирди.
Фонддун маалымат кызматынан мындай мүмкүнчүлүк Үй-бүлөлүк медицина борбору менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарында бар экендигин айтышты.
Төмөнкү шарттарды сактоо зарыл:
- жашаган жер боюнча Үй-бүлөлүк медицина борбору же Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталыш керек;
- участкалык дарыгерден бекер кеп-кеңеш алууга болот;
- артериялык кан басымды өлчөө;
- лабораториялык изилдөөлөргө багыттама алуу;
- кан, заара, зааранын тунмасына микроскопиялык анализ тапшыруу жана кандагы, заарадагы кантты аныктоо үчүн анализ берүү (медициналык кызматтардын базалык пакети).
Бөйрөктүн оорусу көп жылдар бою байкалбай жүрө бергендиктен медициналык текшерүүдөн дайыма өтүп туруу маанилүү. Андан сырткары, туура тамактануу, сергек жашоо образы оорудан алыс болууга жардамчы болот.
ММКФ ооруп калуу тобокелдигин азайткан эрежелерди эске салды:
- дене бойду чымыр кармаш керек;
- кандагы канттын деңгээлин дайыма өлчөп туруу;
- артериялык кан басымды көзөмөлдөп туруу;
- таза тамак-аш жеп, салмакты карап туруу;
- организмде суюктуктун туура балансын кармап жүрүү;
- тамеки тартпаш керек;
- адистин кеңешисиз дарыларды иче бербеш керек.
9-мартта Бөйрөк оорусу менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди.