Садыр Жапаров мигранттардын кайрылуусуна жооп берди

11 марта 2021 Садыр Жапаров мигранттардын кайрылуусуна жооп берди

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек эмгек мигранттарынын балдарынын көйгөйү боюнча президент Садыр Жапаровдун позициясын билдирди. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттар балдарынын медициналык камсыздоо көйгөйү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

"Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү маалында эле эмгек мигранттарынын жана алардын өз мекенинде калган үй-бүлөлөрүнүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурган. Садыр Нургожоевич өзү дагы мигранттар көргөн бардык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Эмгек мигранттарынын көйгөйү — биздин мамлекеттин көйгөйү, муну президент дагы жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан Садыр Нургожоевич кол койгон алгачкы жарлыктардын бири эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктарга жана аларды социалдык жактан колдоого арналган", — деген Галина Байтерек.

Маалымат катчынын айтымында. мигранттардын Жапаровго жолдогон кайрылуусу менен өлкө башчысы таанышып, премьер-министрге тиешелүү тапшырмаларды берген.

"Эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү Садыр Жапаров үчүн биринчи кезектеги маселе. Ал башка мамлекеттик маанидеги маселелер менен катар чечилет. Көйгөй көз карандысыздыкка ээ болгон 30 жылдан бери топтолуп келген, албетте, аларды бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн мекениндеги жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чаралар дайыма жүргүзүлүп турат", — деп билдирди президенттин маалымат катчысы.

Ошондой эле Жапаров чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, мамлекеттин башкы милдеттеринин бири — алардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу колдоо болушу керектигин, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгына токтолгон.


sputnik