Эскертүү! Бишкекте бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот

10 марта 2021 Эскертүү! Бишкекте бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот

Бишкекте жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Калаа мэриясы унааларды жеңил типтеги объектилердин жана бактардын жанына токтотпоого чакырат.

Чукул кырдаал учурунда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 Сall-борборуна чалууга, сүрөт, видеолорду 0554 -182-185 номерине жиберүүгө болот.

sputnik