Окуучулардын жазгы каникулу качан башталат? Министрликтин жообу

10 марта 2021 Окуучулардын жазгы каникулу качан башталат? Министрликтин жообу

22-марттан 31-мартка чейин өлкө боюнча мектеп окуучулары каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик 1-апрелде окуу кайра баштала турганын белгиледи. Эске салсак, Бишкек шаарында 9-марттан тарта башталгыч класстын окуучулары (2,3,4-класс) мектепке барып билим ала баштаган.

Калган класстын окуучулары толугу менен 1-апрелден тарта кадимки тартипте окуй турганын буга чейин биринчи вице-премьер Артём Новиков кеңешмеде айткан. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Аймактарда мектептер толугу менен 3-чейректе эле ачылган.


sputnik