ЖК жаңы Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга добуш бербей калды

10 марта 2021 ЖК жаңы Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга добуш бербей калды

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоорун элге алып чыгуу үчүн референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.

Жыйындын башында эле талаш жаралып, алгач долбоорду күн тартибине киргизүүдө регламент бузулганы, тармактык комитеттин корутундусу жок экени айтылды.

Кийинчерээк Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул боюнча отурум өтпөй эле сурамжылоо жолу менен кол койдурулганын билдирди.

Аягында бүгүн каралган жети мыйзам долбооруна добуш берилип, референдум дайындоо боюнча добуш берүү эртеңкиге жылдырылды.

Бул депутаттар үчүн да күтүүсүз болду. Ал эми төрага Талант Мамытов "аппарат добуш берилчү мыйзам долбоорлордун катарына киргизбептир" деп жооп берди.

Белгилей кетсек, конституциялык мыйзам колдоо табуу үчүн кеминде 80 депутат макулдук бериши керек. Бүгүнкү жыйынга 84 депутат катталган.

Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү "макул", тогузу "каршы" добуш берген. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.


sputnik