11 марта 2021
Бишкекте 13-14-март күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке өтө турган аймактар:
- Биринчи май району — Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
- Октябрь району — 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
- Свердлов району — Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).
Азык-түлүккө болгон баа:
- уй эти — 390-405 сом;
- жылкы эти — 380-390;
- кой эти — 400-405;
- тоок эти — 200-210;
- өсүмдүк майы — 130-132;
- тооктун жумурткасы (10 даана) — 75-85;
- үй жумурткасы (10 даана) — 90-95;
- кумшекер — 56;
- күрүч — 55-60;
- алма — 30-50;
- сабиз — 10-15;
- картошка — 22-27;
- пияз — 14-16.