Ак үйдүн алдында жаңы Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүүдө

9 марта 2021 Ак үйдүн алдында жаңы Конституциянын долбооруна каршы митинг өтүүдө

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Митингге чыккан 50гө жакын адам Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жокко чыгаруу керектигин айтышууда.

Алар ошондой эле Жогорку Кеңештин таркашын дагы талап кылып жатышат. 3-мартта Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп берген.

Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.


sputnik