Жумгалда митингге чыккандар жол тосуп, 30дай унаа өтө албай турат. Видео

10 марта 2021 Жумгалда митингге чыккандар жол тосуп, 30дай унаа өтө албай турат. Видео

Нарындагы Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришине топтолгон эл нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Жарандар жол тоскондуктан 30дан ашуун унаа өтө албай топтолуп калган.

ВИДЕО

"Митингчилердин бирден-бир талабы — Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кирген Жумгал районунун жолун оңдоо. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров эл менен жолугуп, жолду тоспой, тынчтык жолу менен сүйлөшүп чечүүнү суранды", — деди кабарчы.

Ал, ошондой эле, жерине облус жетекчисинин орун басарынын келиши дагы күтүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин кыргыз өкмөтү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал районундагы тилкесин куруп жаткан италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы менен келишимди бир тараптуу токтоткон.


sputnik