Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт даяр болбой, эскилеринин мөөнөтү узартылды

10 марта 2021 Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт даяр болбой, эскилеринин мөөнөтү узартылды

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорттор (ePassport) өз мөөнөтүндө даяр болбогону үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берилип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батырканов жумуштан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Түзүлгөн жагдайга байланыштуу премьер-министр Улукбек Марипов мөөнөтү бүтүп бараткан жалпы жарандык паспортторду 1-сентябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, 2004-жылкы жана 2006-жылкы үлгүдөгү паспорттун мөөнөтү Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөлөрдө жарактуу деп таанылат.

КР жарандарына чек арадан өтүүдө тоскоолдук жаралбашы үчүн форс-мажордук жагдайдан улам киргизилген убактылуу чараларды маалымдоо тапшырмасы берилди.

"Өткөн жылдын 25-декабрынан тарта жаңы үлгүдөгү ePassport берүү пландалган. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жаралган көйгөй тууралуу өкмөткө маалымат берген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы Мамкаттоо төрагасына маселени тез арада чечүү тапшырмасын берип, эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.


sputnik